POST1RIGHTКыргызстандын аймагында бир айдын ичинде 605 жол кырсыгы катталды. 2017-жылдын июль айында эле болгон жол кырсыктарынын кесепетинен 82 адам каза таап, 936 адам түрдүү жаракаттарды алышкан.
Жол кырсыктары көбүнчө Бишкек-Ош автожолунда катталууда. Жол сакчыларынын айтымында, айдоочулар унаа башкарып бараткан учурда уктап кетип жатышат. Буга күндүн ысышы себеп болуп, аба ырайы адамды алсыратып, көшүлтүп уйкуга тартышы себеп болууда. Мындан улам, жол кайгуул кызматы айдоочуларды жолго чыгаар алдАлыскы сапарга чыгууда абайлаңыз!ында уйкуну бышырып, андан кийин гана сергек сезим менен ылдамдык эрежесин туура сактап сапар улоону эскертишет.