Сузак районунун Кара-Булак айылындагы жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
Новость

POST1RIGHT

Сузак районунун Кара-Булак айылына жаңы көпүрө салынып, пайдаланууга берилди. Буга чейин көпүрө жок болгондуктан, айыл эли ички каттамдан түйшөлүп келишкен. Өзгөчө жаз жана күз айларында сайдагы суу көбөйүп, мындан улам өтө албай калган учурлар көп катталган. Бул көпүрө аркылуу Кара-Булак айылынын эли район борбору менен Жалал-Абад шаарына каттап келишет. Ал эми жаңы көпүрөнү айылдагы демөөрчү куруп берип, курулушуна 1 миллион 200 миң сом акча каражатын сарптаган. Эл түйшүгүн жеңилдетүүгө салымын кошкон демөөрчүнүн мындай аракетине айыл эли ыраазы.

“Бул жердин абалын жакшы билет элем. Кышкысын бул жерден унаалар эле эмес, адамдар да араң өтүшөт болчу. 3-4 жыл мурда ушул жерге көпүрө салам деп ниет кылып койдум эле. Ошол ниетим быйыл ишке ашып отурат”,- деди Кара-Булак айылынын тургуну Каныбек Мейманбаев.

“Буга чейин бул жерден өтүү аябай кыйын болчу.Ылай аралашкан сууну кечип өтүүгө туура келет эле. Эми айыл элинин ал кыйынчылыктары артта калды. Жаңы көпүрө салынып жакшы болду. Айылдан чыккан ушундай демөөрчүлөр көп болсо деп тилеймин”,- дейт Кара-Булак айылынын тургуну Дөөлөткан Эрмекбаев.