Кыргызстандыктардын колундагы акчанын көлөмү 27 млрд. сомго көбөйдү
Новость

POST1RIGHT 

Акыркы эки жылдын ичинде кыргызстандыктардын колундагы акчанын көлөмү 1,5 эсеге көбөйгөнү Улуттук банктын маалыматында айтылды. 

Колдонуудагы акча — насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражатты билдирет. 2015-жылдын 1-июлуна карата пайдалануудагы акчанын көлөмү 55 миллиард 939 миллион 900 миң сом болчу. 

Бир жылдан кийин каражаттын көлөмү бир миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми быйылкы жылдын 1-июлуна карата бул сумма 82 миллиард 892 миллион 700 миң сомду түздү.