POST1RIGHT
“Ош" эл аралык аба майданы жаңы жабдык менен жабдылды. Кытай элчилиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоочу жабдыкты белек иретинде мекеменин жетекчисине тапшырды. Мунун менен адистер, буга чейин колго жасалып келинген жумуштар эми, автоматтык шартта жүргүзүлөөрүн билдирет.
Адистердин айтымында бул аракеттер, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы буга чейин мамлекеттин босогосу болгон аба майдандары заман талабына төп келген шарттарга жооп бериши зарыл экендигин белгилеп, Кыргызстандагы мындай жайлардын шартын жакшыртуу тапшырмасын койгон. Мындан сырткары, сырттан келүүчү коноктордун коопсуздугу менен аларга көрүлгөн камкордукту да күчтөндүрүү башкы максатка коюлган.
"Мурда кардарларды коштоп келүүчү же тосуп алуучуларды кабыл алууда бизде кол менен гана текшерчүбүз, эми ушул жабдык менен тыкыр текшерилет",- деди “Ош" эл аралык аэропортунун расмий өкүлү Искендер Майлиев.