Мугалимин сыйлагандын келечеги жарык
Новость

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Асыл" пансионаты билим берүү жана илим министрлигинин балансына берилди. Мындай чечим өкмөттө бир ай мурда кабыл алынган. Азыр ал жерде ремонт иштери кызып, пансионатта август айында мугалимдердин биринчи тобу эс алганга үлгүрүп калса деп жатышат. 

Бүгүнкү өкмөт мугалимдерге өзгөчө көнүл бөлүүдө. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгу жумушчу сапарынын алкагында, пансионаттын акыбалы менен таанышкан. Жыйынтыгында ал жерге ремонт иштерин жүргүзүп, жанына жаңы корпус салгыла деп тапшырма берген. Июнь айында Өкмөттүн чечими менен Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Асыл» пансионаты Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Пансионатты мамлекеттик баланска каттоо маселелери убакытты алды. 

Азыр бул маселе чечилгендигин билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөт отурумунда билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда Асыл пансионатынын ордуна, "Санат" деген аталыштагы ден соолукту чындоочу заманбап борбор орун алат. Бара-бара бул эс алуучу жай кыштыр жайдыр иштегендей ыңгайлашат. Мугалимдер жылдын кайсы учуру болбосун ден соолугун чыңдап, семинарлар менен башка иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлаштырылат.