POST1RIGHT
Учурунда 1200 сомдон төлөп, мамлекеттик камсыздандыруудан турак үйлөрүн өткөрүп койгон Майлуу-Суу шаарынын үч жаранына мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 1 миллион сомдон берилди. Эске салсак, жаз айларында Майлуу-Суу шаарында эле 13 ирет жер көчкү жүрүп, 100дөн ашуун турак үйлөргө кооптуу жагдай жараткан. Бир тобу кийинчерээк жашоого мүмкүн эмес деп табылган.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюумунан 700 миң сомдун сертификаттарын алып жаткан бул үч жаранга буга чейин биринчи этапта 300 миң сомдон бөлүнүп берилген. Эми жалпы болуп 1 миллион сом толугу менен берилип жатат. 1 миллион сом алып жаткандардын катарында Кошой Кадыркулов да бар. Аксакал өткөн жылы турак үйүнө 1200 сом төлөп, камсыздандыруудан өткөрүп койгон. Кырсык айттырбай келет демекчи быйыл жаз айында катталган жер көчкү Кошой Кадыркуловдун үйүнө кооптуулук жаратып, жашоого мүмкүн эмес деп табылган.
“Турак жайымды өз мезгилинде камсыздандырып койгон экем, азыр эми пайдасын көрүп жатам. Биринчисинде 300 миң сомдон берген. Азыр эми 700 миң сом берип атышат. Мен башкаларга айтып кетээр элем, турак үйүңөрдү камсыздандырып койгула. Эч зыяны жок. Көрүп турасыңар, жардам болот экен”,- деди Майлуу-Суу шаарынын тургуну Кошой Кадыркулов.
Ал эми Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Мойдун Атакулов, мына бул заңгырган 2 кабаттуу турак үйүнүн чатырын жаап бүткөнүнө 2 жыл болгон. 2 миллион сомго жакын акча каражаты сарпталган турак үйүн эми кайрадан бузууга туура келип турат.Анткени быйылкы жаз айларында бул аймакта жер көчкү жүрүп, Мойдун аксакалдын турак үйү кооптуу деп табылган. Бирок аксакал өткөн жылы үйүнө 600 сом төлөп,камсыздандыруудан өткөрүп койгон. Өз мезгилинде көргөн аракеттин акыбети кайтып, азыр эми камсыздандыруу уюуму тарабынан 500 сом алып жатат. Жакынкы күндөрү жер тилкеси чечилсе турак-жайымды бузуп, конуш которуу аракетин көрүп баштайм дейт.