POST1RIGHT
Көгүлтүр көл жээгиндеги "Рух Ордо" маданий борборунда президент Алмазбек Атамбаевдин жыл сайын берилүүчү, салтка айланган пресс-конференциясы өттү. Иш-чарага жергиликтүү жана чет элдик 60тан ашуун журналисттер катышышты. Пресс-конференцияга белгилүү саясат таануучулар жана эксперттер чакырылган.
POST2LEFTКыргызстанда өтчү президенттик шайлоо, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу, мураскер маселеси, айрым саястачылардын үстүнөн жүрүп жаткан сот иштери жана акыркы 6 жылда Кыргызстан кандай болуп өзгөрдү. Мына ушулар президент Алмазбек Атамбаевге бүгүнкү маалымат жыйынында берилген суроолордун өзөгүн түздү.
Кабарчылардын суроолорундай эле жооптор да президент тарабынан курч айтылып, журналисттер күткөн жоопторун алышты.