POST1RIGHT
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат. Бүгүнкү күндө анын алты жүз сегизи интернетке кошулду, калганы сентябрга чейин аягына чыгарылат.
Анын ичинде 27 мектеп өлкөнүн чек арага жакын аймактарында жайгашкан. Бул тууралуу 21-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2017-жылдын 1-сентябрына карата коюлган тапшырманы аткарууну тапшырды.