Кыргыз Улуттук гвардиясы өзүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

1992-жылы 20-июль күнү Улуттук гвардиянын алгачкы жоокерлери Кыргызстандын эркиндигине жана элдин ишенимине салтанаттуу түрдө ант беришкен. Бул дата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленип, ата-мекенге кызмат кылууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын мекемелик медалдары тапшырылды.

Улуттук гвардия Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуудан тышкары, өкүлчүлүктүк жана протоколдук мүнөздөгү милдеттер, өлкөнүн стратегиялык объекттерин кайтаруу жана коргоо, табийгый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу милдеттерин аткарат.