Түркмөнстан: интернетке тыюу салынды
Новость

 «Түркмөнстандын альтернативалык жаңылыктары" басылмасы билдигендей, июль айынын башынан бери Түркмөнстанда «Одноклассники» социалдык тармагындагы видео файлдар ачылбай жатат. Басылманын маалыматы боюнча буга мамлекеттик «Туркментелеком» компаниясынын интернеттин ылдамдыгын азайтканы себеп болгон. 

Байланыш министрлиги буга карата өз пикирин билдире элек. Басылма министрликке нааразычылык билдирип, телефон аркылуу кайрылганда "Ачылбайт, себеби силер туура эмес сайттарга кирип жатасынар!" деген жооп алган. "Азаттык" радиосу билдиргендей, Түркмөнстан сөз эркиндиги боюнча улам төмөн түшүп, эл аралык уюмдар президент Гурбангулы Бердимухамедовго "Интернет душманы" деген каймана ат ыйгарган. 

Өлкөдө Азаттык радиосунун сайтына, Фейсбук, Вконтакте жана вотсапка кирүүгө тыюу салынган. Бирок расмий Түркмөнстан мындай көрүнүштү четке кагып келет.