POST1RIGHT
Борбор калаадагы Пионер жана Комсомол көлдөрүнө эми каалоочулар барып эс алса болоорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, "Жашылдандыруу" ишканасы сууга түшүү маалын ачууга даярдык көрүп, суунун жака-белиндеги чөптөрдү чаап, отургучтарды, таштанды челектерди, көлөкөлөгөн жайларды оңдоп-түзөгөн.
"Көл жээгине 680 тонна кум себилген. Ал эми балыр жана суу алдындагы чөптөрдү жок кылуу үчүн 11 тонна техникалык туз жана 2 тонна хлорлонгон акиташ төгүлгөн. Тартип бузуулардын жана сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу үчүн Кара-Жыгач сейил багында эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин тартип коргоо кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турат.
Ошондой эле түшкү саат 12:00дөн кечки саат 21:00гө чейин ӨКМдин куткаруучулары иштеп, октябрь айына чейин ошол жерде болушат.