POST1RIGHT
Өлкө аймагында күн сайын орун алып жаткан жол кырсыктары, аны алдын алуу чаралары жана быйыл жаз, жай айларында көп катталган табигат кырсыктар, алардын кесепетин жоюу иштери. Мына ушул маселелер бүгүн Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын өзөгүн түздү. Өлкө башчысы бул жаатта түзүлгөн кырдаал, айрыкча балдардын өлүмү менен коштолуп жаткан жол кырсыктары учурда катаал жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жатканын баса белгиледи.
Кыргызстанда жол кырсыктары - ушул жылы көп талкууга түшкөн тема болду. Маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери эле өлкө аймагы боюнча 2500дөн ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 307 киши набыт болсо, 3 835 адам жаракат алган. Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгын жасаган, айрыкча мас абалында унаа башкарууга отурган айдоочуларга жоопкерчиликти катаалдатуу керектигин баса белгиледи.
Коопсуздук кеңеши, Өкмөт жана жарандык коом жол коопсуздук системасын реформалоо боюнча комплекстүү чаралардын долбоорун иштеп чыккан. Документ 6 бөлүктөн турат: жол коопсуздук процесстерин башкарууну автоматташтыруу, башкаруучулук, мыйзамдык чаралар, жол инфраструктурасынын маселелери, маалымат өнөктүктөрүн өткөрүү жана калктын маалымдуулугун арттыруу. Булар тууралуу жыйындан кийин кеңештин мүчөлөрү кененирээк айтып беришти. POST2LEFT
Коопсуздук кеңеши сүрөт жана видео тасмага түшүрүүчү жабдыктарды орнотууну башкы маселелердин катарына киргизген. Буга улай окуучулардын жолдо жүрүүдөгү коопсуздугун камсыздоого артыкчылык берилди. Өлкөнүн негизги автожолдорунда тосмолорду орнотуу, ар бир трассада жолдо жүрүүчү медициналык бөлүктөрдү киргизүү да пландалууда. Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөрдүн сабатын жоюу иштерине көңүл бөлүү зарыл, анткени жол эрежелерин бардык эле жарандар биле беришпейт.
Патрулдук башкармалыгы кайрадан өзгөрмөй болду. Анын макамын жана милдеттерин кайра карап чыгуу сунушун Коопсуздук кеңеши киргизген. Мекеме эми бир гана жол коопсуздугуна көзөмөл жүргүзмөкчү. Патрулдук башкармалыгын түзүү менен жол коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү солгундап кеткенин вице-премьер Жеңиш Разаков белгиледи. Айтымында, патрулдук унааларды ишке берүү кичине эртелик кылган.
Экинчи маанилүү маселелердин бири- өлкө аймагында орун алып жаткан табигый кырсыктар. Өлкө башчы мында турак жайларды камсыздоо боюнча чиновниктердин ишин сынга алды. Президент аталган демилге ишке ашпаганын билдирди. Бул маселеде мамлекеттик кызматкерлер менен бирге эле жөнөкөй жарандардын да жоокерчилиги бирдей болушу керектиги белгиленди. Анткени турак жайды камсыздап коюу арзыбаган эле акча турат, ал эми кандайдыр бир кырсык орун алса ал толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.
Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу маселесине да көңүл бурулду. Каражат жок бул жаатта маселени чечүү кыйын болору белгиленди. Үчүнчү маселе мамлекеттик стратегиялык мекемелердин тизмесине сунуштар боюнча маселе каралды. Анын алкагында улуттук энергохолдинг компаниясы тизмеге киргизилип, ал эми бир авиакомпания стратегиялык мекемелердин катарынан чыгарылды.