Чек ара кызматында жаңы объектилер курулууда
Новость www

POST1RIGHT

Мамлекеттик чек ара кызматы азыр 15 объектини куруп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Чек ара кызматы жыйын өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдө жүргүзүлгөн иш-чаралар туурасында айтылып, чек ара кызматында коррупциялык иштер быйыл 2016-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу эки эсе кыскарганы белгиленген. 

Ошондой эле чек ара бөлүмдөрүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланып, учурда бийик тоолуу чек ара тозоттору тийиштүү күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздалганы айтылды.