17-июлда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйынга чогулуп, күн тартибинде өлкөдөгү жол кырсыгын азайтуу боюнча чараларды көрүү, жол коопсуздугун күчөтүү тууралуу маселени талкууга алат.
Жыйын президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтмөкчү. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Коопсуздук кеңеши мындан тышкары өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштин кандайча жүрүп жатканын карайт.
Буга чейин активисттер Кыргызстанда жол кырсыгынын көрсөткүчү токтобой жатканынан улам, Коопсуздук кеңешинде маселе каралып, мамлекеттин кескин чараларды кабыл алышын талап кылып келген. Быйыл жыл башынан тарта Кыргызстандын жолдорунда 2 миң 582 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 307 киши набыт болуп, 3 миң 835 адам жаракат алган.