POST1RIGHT
Анын курулушу 2019-жылы аяктары күтүлүүдө. Деңиз деңгээлинен эки жарым миң бийиктиктеги ашууда курулуп жаткан тоннелдин узундугу 3815 метр. Аталган жол үч этап менен жүзөгө ашырылат.
“Түндүк-Түштүк” альтернатива жолунун инженер жолчусу Замир Исхаковдун айтымында, үчүнчү этаптагы Балыкчы-Кызыл-Жылдыз аралыгындагы куруу иши эми башат алып, 2018-жылы бүткөрүү белгиленген. Эгер бул тоннель ишке берилсе, анда саатына 60 чакырым ылдамдык менен күнүнө 12477 унаа өтүүгө мүмкүндүк жаралат. Белгилей кетчү жагдай, Бишкек-Жалал-Абадга жете турган жол 300 чакырымга кыскарат.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"