POST1RIGHT
Араванда жалпы сметалык баасы 80 миллион долларды түзгөн цемент завод курулуп жатат. Кыргыз-кытай биргелешкен курулушунда 1000ге чукул адам жумуш менен камсыз болот. Бул туурасында объектинин менеджери Андрей Пихота билдирди.
Адистердин айтымында, завод заманбап жабдуулар менен жабдылып, акыркы үлгүдөгү кубаттуу техникалар менен камсыз болот. Ал эми заводдун кубаттуулугу жылына 1 миллион тоннага чейин продукция чыгарганга жетет. Март айында башталган курулуш иши 2018-жылдын май айында жыйынтыкталат деп пландалып жатат.
"Завод ишке киргенден тартып, 350дөй жаран жаңы жумуш орду менен камсыз боло алат. Мындан сырткары, карьерде жана жүк ташуучу унааларды башкарган айдоочуларды эске алганда, дагы 400дөй жаран ишке тартылат",- деди Түштүк курулуш материалдары комбинатынын менеджери Андрей Пихота.