Улуттук университеттин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Новость internet

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура маалымдагандай, бул факты боюнча Ленин райондук прокуратурасы кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 315-беренелери боюнча иш козгоду.

POST1RIGHT

Аныкталгандай, жогорку окуу жайдын кызмат адамдары, зачет-экзамендердин баа коюла турган расмий кагаздарына жана электрондук баа коюла турган китепчелерге жасалма бааларды коюу менен Экономика жана финансы институтунун студенттерин курстан курска мыйзамсыз которгон. 

2013-2014-жылдын жана 2014-2015-жылдын окуу программасын аткарды делген бул студенттер чындыгында окууга келбестен, чет мамлекеттерде болушкан.