Ош: селден жабыр тарткандар коопсуз жактарга көчүрүлөт
Новость

POST1RIGHT

20 кожолук жашаган Кичик-Алай айылы кооптуу деп табылып, андагы жашоочулар коопсуз жактарга көчүрүлмөй болду. Ал эми, жаратылыш кырсыгынан башпаанексиз калган төрт турак үйдүн жашоочуларына ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар тигилип, биринчи зарыл болгон жардамдар берилди. 

Араван районунун акиминин айтымында, селден жабыр тарткандар мамлекет тарабынан тийиштүү болгон жардамдарды алып, коопсуз жактан жер тилкелерин алат. Учурда райондун жарандык коргонуу комиссиясы кырсык болгон аймакта изилдөө иштерин жүргүзүүдө. 

Эскерте кетсек, Торпу участкасында 9-июлда катуу жааган жамгырдан улам таш аралаш сел жүргөн. Сел Кичик-Алай айылындагы беш үйдү каптап, арасында төртөөсү 4-5 - даражада жабыркаган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Аймакта, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иш алып барууда.

"Сел түшкөн участкада жашагандар үчүн коопсуз аймактан жер тилкесин карап жатабыз. Жабыркагандарга бардык жардамдар көрүлөт",- деп билдирди Араван районунун акими Курманбек Айтибаев.