Жол көзөмөлү күчөтүлөт
Новость gov.kg

POST1RIGHT

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, милициянын алдында турган актуалдуу милдеттердин орчундуусу катары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. 

Бул багытта министрликте чукул жыйындар өткөрүлүп, атайын штабдар түзүлгөнүн тармактын маалымат кызматы билдирди. 

Туристтик маалда Ысык-Көл унаа каттамындагы ар бир 24 чакырым жолго бирден атайын посттор орнотулду. Бул жол коопсуздугун камсыз кылуу багатында тиешелүү кызматтарды ишке ашырат. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"