Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө министр коомдук коопсуздук, тартипти сактоо ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштеринин бетин ачуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, Улан Исраилов туристтик сезондун башталышы менен эс алуу жайларындагы коопсуздукту сактоо, жол кырсыктарын азайтуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Алмазбек Атамбаев жарандардын коопсуздугу үчүн ички иштер кызматкерлеринин эффективдүү иш алып барышы зарыл экени, милиция кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырма так аткарылышын, ошондой эле жол кырсыктарын азайтуу зарылчылыгын белгиледи.