Президенттик шайлоого катышуу үчүн 15 талапкер БШКга арызын берди
Новость www

POST1RIGHT

Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 15 талапкер  БШКга арызын берди. Алардын айрымдары азыртадан эле эл алдына  программаларын сунуштап, 6 жыл ичинде өлкө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошо турганын убада кылып жиберишти. 

Саясатчылардын бул кадамы дароо  талдоочулардын сынына кабылды. Партиялардын  план-программаларынын, идеологиясынын  жоктугу  эксперттик коомчулуктун  нааразылыгын жаратып келет. 

Талдоочулар, шайлоо алдындагы куру убадаларга эмес алар сунуштап жаткан программаларды аткаруу механизмине көңул бурууга калкты чакырууда. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"