POST1RIGHT
Тогуз ай бою боюнда көтөргөн балдары эгиз беле, же энени текшерген УЗИ апаратынын жаңылыштыгыбы?Атайын текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин эгиз кыз төрөйм деп күтүп жүргөн Балыкчы шаарынын тургуну Махабат Намазбекова операция жолу менен төрөп өзүнө келгенден кийин, төрөгөн баласы жалгыз экенине түшүнбөй калды. Ал эми анын өмүрлүк жолдошу Данияр Чыбыев УЗИ аппаратынын жыйынтык кагазына таянып, эгиздин түгөйү жок деп төрөттү кабыл алган дарыгерлердин үстүнөн арыз берген. Учурда бул иш боюнча Ысык-Көл облусттук ички иштер бөлүмү адам сатуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү баштады.
Махабат Намазбекова эки уулдун апасы, быйыл болсо эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келүүгү даярданып жүргөн. Себеби, УЗИ аппаратына биринчи түшкөндө эле эгиздер деп айтылган. Эгиз болсо андан да жакшы деп бир топ медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, баардыгы эл катары эле болчу. Бирок кийинки текшерүүлөрү боюнча курсактагы балдар эгиз эмес эле сиам эгиздери деп дарыгерлер жаш ата-эненинин жүрөгүн түшүрүшкөн. Мындан улам, чоочуган ата-эне борборго да барып УЗИ аппаратына түшүп келген. Андагы УЗИнин чыгарган аныктамасы да дени карды сак эле эгиздер деп чыгыптыр.
"Дарыгерлердин учтуна отуруп, биринчи эле УЗИге түштүм. Анан ал жерден курсакта эгиз балдар экен дешти. Биринчи түшкөндө эле. Ошол бойдон беш айдан кийин кайра УЗИге түштүм. Ал жерден айтышты, экөө жабышкан балдар экен деп Бишкеке жөнөтүштү. Анан доплерге түшүп келдим. Аныктамасы болсо дени сак эгиздер экен дешти",- дейт Балыкчы шаарынын тургуну Махабат Намазбекова.
"Азыр айтып жатышат. УЗИден эле жаңылыштык кетти деп. Анан сегиз жолу УЗИ жаңылганы тан калыштуу болуп жатат. Төрөт учурунда мени киргизбей койгондору да мага таң калыштуу болуп атат. Бирок ал жерде башка медицина кызматкери эмес, чоочун аялдар жүрдү. Ал жерден кечки саат төрткө чейин эч ким төрөгөн жок. Себеби, мен ошол жерде таң аткандан жүрдүм да",- деди Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев.
Адистердин айтымында, УЗИ аппараты сегиз жолу тең жаңылышы мүмкүн эмес. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар УЗИ дарыгерлери ашып кетсе бир жолу жаңылышыбыз мүмкүн дешет. Жаңылыштык кимден кеткени азыр баарына табышмак болууда.