3-июль мурдагы Жол көзөмөлдөө жана Кайгуул күзөт кызматтарынын түзүлгөн күнү. Бүгүнкү күндө бул майрам расмий түрдө белгиленбесе дагы, бул тармакка эмгеги сиңген ардагерлери үчүн кубанычтуу күн. Кызмат учурунда эки бутунан тең айрылган милициянын пропарщиги Алмаз Акчекеев бул күндү эч унутпайт. Анткени анын эмгек жолундагы кызыктуу күндөр бул датага байланышкан.
Бул сүрөттөрдөн Алмаз байке өзүн кыраакы кызматкер катары көрөт. Бирок эми ал эч качан милициянын кызматтык кийимин кийип, адаттагыдай жумушка жөнөй албайт. Анткени ал 7-апрель элдик коогалаңда милдетин аткарып жүрүп, эки бутунан ажырап, түбөлүккө өзүнүн сүйүктүү кесиби менен кош айтышкан.
3-июль күнү 1936-жылы биринчилерден болуп Мамлекеттик Авто Инспекциясы түзүлөт. Андан соң 1979-жылы ушул эле күнү кайгуул күзөт кызматы уюшулган экен. Жол көзөмөл кызматы менен кайгуул кызматындагылар бул майрамды 2016-жылга чейин расмий түрдө майрамдап келишсе, ал эми учурда жөн гана жумуш күн. Элдин коопсуздугун сактап, коомдук тартипти көзөмөлгө алууда эрдик көрсөткөн кызматкерлер тарыхтын барактарында өчпөс тамгалар менен жазылып кала берет.