POST1RIGHT
Балыкчы шаарында “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун базасында жаңы электр зымдарынын тирөөчтөрүн чыгаруучу завод ишке кирди. Бул ишкана энергетиктердин өздүк салымы менен түптөлүп, жылына бир жарым миң продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Жалпы 7 миллион сомго түптөлгөн ишканада 7 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Бул ишкананы ачуу менен энергетиктер бир топ каражатты үнөмдөйт. Себеби жеке менчик ишканалардан алынган мындай тирөөчтөр эки эсе жогорку баа менен келип турчу. Эми бир тирөөчтүн баасы болгону беш жарым миң сомго айланат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергиясы менен камсыздаган “Чыгышэлектр” ишканасы тарабынан жыйырма миңге жакын тирөөчтөрдү алмаштыруу зарылдыгы бар болчу. Себеби өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары коюлган тирөөчтөр эскирип, керектен чыга баштады.
"Ишканада бир күндө беш электр зымдарынын тирөөчтөрүнүн бешөөсу чыгарылып жатат. Жылына бир жарым миң штук чыгат. Былтыр болсо биздин ишкана бир жарым миң столба сатып алганбыз. Эми бул ишкана өзүбүздүн керектөөбүздү чыгарып берет экен. Жыл аяктаганга чейин экинчи линиясын ишке киргизебиз. Муну менен чыгаруу жөндөму эки эсе көбөйөт. Сапаты толугу менен талапка жооп берет. Аны текшерүүчү жабдыктары менен алганбыз. Азыр аттестациядан өтүп жатат. Ийгиликтүү өтсө лицензиясы колго тийет",- деп билдирди “Чыгышэлектр” ААКнун башкы директору Бакыт Сыдыков.