Кар көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлдү
Новость

POST1RIGHT

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү тарабынан Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылындагы кар көчкүдөн жабыр тарткан үч үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон жардам көрсөтүлдү. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 19-февралында Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп эки турак - үйдү толугу менен басып калган, кырсыктын кесепетинен эки өспүрүм каза болгон. Мындагы 10 айыл тургуну айылдаштары тарабынан кырсык болоору менен куткарылган. 

Жардам иретинде, аталган райондогу бардык мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын которгон. Топтолгон 900 миң сомдон ашуун каражатка, баш-паанексиз калган эки үй-бүлөгө райондун коопсуз аймагынан жер тилкеси берилип, турак-жай салынууда.