Кытай элчилигинин имаратын жардыргандарга сот өкүмү чыкты
Новость

POST1RIGHT

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын жардырууга айыптуу деген үч адамга карата сот өкүмү чыкты. 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Хикматилло Абдулажановду 10 жылга, Күназим Мансированы 10 жылга жана Хасамидин Исмаиловду 18 жылга кести. 

Исмаилов менен Абдулажанов жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсө, Мансирова аялдар абагында өтөйт. Ошондой эле, алардын мүлктөрү конфискацияланат. 

Эскерте кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдык менен сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган.