Мекеним - менин жүзүм акциясы
Новость KTRK/videograp

“Ыйман” фондусу улуттук каратэ-до федерациясы менен биргеликте Бишкекте ушундай ураандын алдында акция өткөрүштү. Анда спортчулар шаардагы Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашып, кезиккен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чара башталары менен эле биринчи, каратэ боюнча дүйнө чемпиону Абдыбек алгачкылардан болуп, жарандарга түшүндүрүү иштерин баштады. 

Тарбияны биринчи орунга койгон чемпион Абдыбек Апсатаров ыйманы бар элдин жүзү жарык болорун айтат. Андыктан мындай тарбиянын булагы катары өткөрүлүп жаткан акцияга чын ниети менен катышып жатыптыр. 

Байтик баатыр көчөсүнөн багыт алган акция Ахунбаев көчөсүнө чейин уланды. Шаардыктарды тарбияга чакырууда улуттук каратэ-до федерациясынын спортчулары кезиккен жарандарга мекендин жүзүн булгабай, таштандыны ой келди ыргытканды жана көчөдө түкүрүүнү токтотконго, акцияга кошулууга чакырып жатышты.

Жаркыраган жагымдуу өлкөнү куруу үчүн албетте жарандардын адеби менен ыйманы бек болушу керек. Андыктан мындай иштерди “Ыйман” фондусу колго алып, байма-бай өткөрүп келет. 

Мындай тарбияга чакырган иш-чаралар буга чейин да Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында өткөн. Эми да мекенибиздин сөөгүн агарткан иштер токтобой, саамалыктар улана бермекчи.