POST1RIGHT
Бишкектин көчөлөрүнө жөө адамдар өтүүчү тилкелерди чийүүгө жана катуу ылдамдыкты азайттыруучу дөңсөөлөрдү орнотууга заманбап материалдар колдонула баштады. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы шаардыктардын жолдогу коопсуздугун жакшыртуу максатында, жөө адамдар өтүүчү чийиндерди термопластик жана муздак желим менен чийип жатышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, бул материалдар ысык-суукту жакшы көтөрүп, аба ырайынын ар кандай жагдайларына туруктуу келет. Бүгүнкү күндө бул материалдар Сүйөркулов көчөсүндөгү №17 мектептин жолуна колдонулду. Ал эми жаңы стандарттар менен коюлган ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдүн бийиктиги жети сантиметр, каптал узундугу үч метр болмокчу. Жол чийиндерин чийүүдө мындай ыкмалар Европа мамлекеттеринде жана Россияда кеңири колдонулат.