POST1RIGHT
Ысык-Ата РИИБнин өспүрүмдөр менен иштеген кызматкерлери балдар көп сууга түшкөн жайларды кыдырып, рейд өткөрдү. Бул сыяктуу рейд балдардын жайкы эс алуусун көзөмөлдөө максатында жыл сайын өтүп турат. Милициянын айтымында, жашы жете электер түнкү саат 11ден таңкы 6га чейинки убакта көчөдө жалгыз жүрбөшү керек. Мындай учурда эң эле биринчи ата-энелерге айып пул салынат.
"Тыюу салынган жайларда балдар сууга түшкөн учурлар бар. Аларды үйүнө жиберип, документтерди комиссияга жөнөтөбүз. Биринчи эле ата-энесине айып пул салынат. 2016-жылы болсо балдар сууга чөгүп кеткен 16 учур катталган. Быйыл болсо баары жакшы",- деди Ысык-Ата РИИБнин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Карагалдаев.