Россия-АКШ ортосунда согуш оту тутанабы?
Новость www

POST1RIGHT

Мурдагы күнү Сириянын Ракка аймагында эл аралык коалиция менен АКШнын аба күчтөрү  расмий Дамасктын СУ-22 аскер учагын  атып түшүргөн. Дал ушул себептен улам  Вашингтон менен Москванын мамилеси кайрадан кескин чыңалды.

Сириянын коргоо министрлиги Ракка шаарынын жанында  АКШ  атып түшүргөн учак  террорчулардын  позицияларын бомбалаганын баса белгиледи. Мындан сырткары жогоруда айтылган ведомство эл аралык коалиция менен Вашингтон согушкерлерге көмөк көрсөтүп жатат  деп айыптады.

Ошол эле убакта АКШнын  Дамасктын учагын атып түшүргөнүн  Россия коргоо министирлиги да  айыптап жооп иретинде Россия кескин чараларга бара  тургандыгын  билдирди. Андан тышкары Кремль АКШ менен Сириянын аба мейкиндигинде кагылышууну болтурбоо үчүн  кызматташуу тууралуу кол койгон келишимден баш тартканын жарыялады. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев болду.