Кыргызстанда мыйзамсыз май куюучу жайлар кирешелүү бизнеске айланууда
Новость sputnik.kg

Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө мамлекеттик ишканасынын билдиришинче, аталган газ сатуучу жай быйыл май айында эле текшерилген жана анын иши убактылуу токтотулган болчу. Резервуар пломба басылганына карабай ишин улантып келген.

Эки адамдын өмүрүн алган Ананьеводогу жарылууну иликтөө боюнча прокуратура, милиция жана Экотехинспекциянын кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлдү. Жарылуу болгон станция ушул эле жылдын май айында Экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып, газ толтурулуучу жай пломба менен бекитилген эле.

2016-жылы Кыргызстанда кооптуу аймакта иш жүргүзгөн 69 май куюучу жай катталган. Ал эми мыйзам боюнча экотехинспекция мындай жайларды бир жылда бир эле жолу текшерүүгө укугу бар.Буга чейин да турак жайларга жана социалдык-маданий имараттарга жакын жайгашкан май куюучу жайларды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча маселе көп көтөрүлгөн.

Экотехинспекция кызматкерлери өнөр жай коопсуздугу боюнча иш алып барып жатат. Деген менен кооптуу аймактарда жайгашкан май куюучу жайлардын саны мурдагыдан азайбай жатат.