Бишкектеги эл аралык мектептин бардык бүтүрүүчүлөрү дүйнөдөгү алдыңкы университеттерден билимин улантууга чакыруу алышты. Айрымдарына атактуу жогорку окуу жайлары акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.
Ажар Бекболотова Бишкектеги эл аралык мектептердин бирин аяктап, Канаданын Оттава университетинин медицина факультетине кабыл алынды. Келечекте ким болоорун кичинесинде эле тандаган. Эл аралык мектепте 12 жыл окуп, англис тилин тереңдеп үйрөнүп, 9-класста тандап алган адистиги - биология-химияга басым жасап, окуду. Нейрохирург болсом деген Ажар бул кесиптин көп убакытты жана эмгекти талап кылаарын билет. Башкысы тилегиме жетип, кыргыз элиме кызмат кылсам дейт.
Ажаранын классташтарынын баары дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынан чакыруу алышты. Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн бири экономист болом десе, экинчиси инженер, дагы бири дипломат болсом деп турушат. Бишкекте эл аралык бул мектепти быйыл 12 бүтүрүүчү аяктады. Баары тең дүйнөдөгү алдыңкы 400 жогорку окуу жайларына тапшырып, чакыруу алган. Мектеп директорунун айтуусунда, эки бүтүрүүчүгө университеттер толугу менен акысыз окууну сунуштады.
Эл аралык мектепте билим алуу 12 жыл. Мында окуучуларга британия системасы менен сабак берилет. Жана аны аяктагандар билимине жараша дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшырууга чоң мүмкүнчүлүк алышат. Талантуу, акылдуу бүтүрүүчүлөр атактуу университеттерден ар кайсы багыттар боюнча билим алып, келсе өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошоору анык.