Бишкек шаарында аталар күнү шаан-шөкөт менен белгиленди
Новость

Дүйнөнүн 90 өлкөсүндө Аталар күнү белгиленди. Бишкек шаарында да бул күн өзгөчөлөнгөн шаан-шөөкөт менен коштолду. Мыкты ата болуу үчүн баатыр же эбегейсиз күчтүү болунун кажети жок. Жөн гана аталык милдетти толук аткарып, наристеңиздин алгачкы күнүнөн тартып көнүл буруу талап кылынаарын шаар тургуну Азамат Өмүрбеков айтат. Ал жеке тажрыйбасында, балдар менен чогу ойноп, ар түрдү китептерди окуп берип жана жөн гана кучактап коюуну сунуштайт. Мындай кадам баланын өсүп өнүгүүсүнө жол ачат.
"Бүгүнкү акцияга 6 жарымдагы балам Арсенди ээрчитип келдим. Бизге 15 мүнүттүн ичинде чакан аба жыланын жасоо тапшырмасы коюлган. Аны мөөнөтүндү аткардык",- дейт шаар тургуну Азамат Өмүрбеков
Мында жыландарды жасоого арналган материалдар абдан көп. Аба жыландарын жасоого таштанды баштыктары, ийне жип, атайын таякчалар керектелди. Муну жасоого каражат деле талап кылынбайт. Калдыктардан жасалууда. Иш чарада үч жүздөн ашуун бактылуу аталар балдарын жетелеп жүргөнүнө күбө болосуң. Арасында аталары жумушка кетип, апаларын жандап келишкендери да бар.