УКМК кызматкерлери президент тарабынан сыйланды
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине, милдеттерин абийирдүүлүк менен өтөп, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы натыйжа көрсөткөндүгу жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. 

Алардын айрымдарына , Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда кылдат иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын баса белгиледи. Мамлекет болсо мекен сакчылыгында тургандарга, ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.