POST1RIGHT
Эми мыйзамды бузуп, жолду туура эмес жерден кесип өткөн адамдарга айып пул салынып баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Бишкект шаардык Патрулдук милиция башкы башкармалыгын маалымат кызматы билдирди. Милиция жума сайын рейддерди жүргүзүп, учурда жарандарга эскертүү берүүнү баштады.
Буга чейин коомчулукта жол кырсыктарынын негизги факторлору катары ылдамдык эреженин сакталбаганы, эреже билбеген, айдоо маданиятынан кабары жок айдоочулар, мас абалындагы айдоочулар экендигин айтылып, чара көрүү талабы коюулуп келген. Бирок жол кырсыгына жөө жүргүнчүлөр да себепчи болорун талдоочулар айтат.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"