POST1RIGHT
«Биз, экстремизм менен терроризмге каршыбыз!»Ушундай аталышта Ош шаарында илимий - практикалык конференция өттү. Июндан сентябрь айына чейин өтүүчү иш-чараны Кыргызстан Элдер Ассамблеясы уюштурду. Экстремизм, терроризм коркунучтардын алдын-алууга багытталган иш-чарага эл аралык эксперттер, диаспора өкүлдөрү, окутуучу-мугалимдер жана студенттер катышты. Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, мындай иш-чаралар ушу тапта Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу 16 өлкөдө өтүп жатат. Москва шаарында өткөн Евразия элдеринин Ассамблеясынын 1-съездинде, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу боюнча илимий -практикалык конференцияларды жер-жерлерде, ар кайсы мамлекеттерде өткөрүү чечими кабыл алган.
"Башкы максат: дүйнөдөгү экстремизм, терроризм коркунучтарынын алдын-алуу",- дейт Кыргызстан Элдер Ассамблеясы төрагасы Токон Мамытов.