Көптөгөн туристтерди суктандырып, өзгөчө кооз жаратылышы менен айырмаланган Эки Нарын капчыгайы 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Капчыгайгдан, Чоң Нарын менен Кичи Нарын дарыяларынын суулары келип кошулат.
Бийик карагайга оролгон токойлуу жерде жапайы жаныбарларды коргоого алган улуттук парк түзүлгөн. Паркта жапайы каман, аюу сыяктуу көптөгөн жаныбарлар менен кызыл китепке кирген ак илбирс дагы мекендейт.