Лондондогу 2 жолку теракттык кол салуу 7 адамдын өмүрүн алды
Новость rus.delfi.ee

Лондон шаарында үчүнөн төртүнчү июнга караган түнү эки жолу  теракттык кол салуу болду. Лондондогу көпүрөдө жүргөндөрдү кичи автобус тебелеп өтүп, андан кийин Боро-маркет деп аталган базарга чейин кыймылын уланткан. Ал жерден кичи автобустан түшкөн шектүүлөр, ошол жерде жүргөндөргө бычак менен кол салып киришкен.POST1RIGHT  Кол салуудан 7 адам каза таап, 50гө жакыны ооруканага түштү. Жаракат алгандардын жыйырмасынын абалы оор. Бул тууралуу РИА Новости Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук кызматына таянып кабарлады. 

Маалыматтарда полиция кол салууну жасаган үч кишини 8 мүнөттө жок кылганы айтылууда. Укук коргоо органдарынын айтымында, алардын белинде жан кечтинин муляжы болгон. Бул акыркы 2,5 ай ичинде Улуу Британияда жасалган үчүнчү жолку теракт болду