«Радио байланыш жетпеген» аймактагы айылдарга ретранслятор орнотулду
Новость U74.Ru

POST1RIGHT

«Радио байланыш жетпеген» аймактагы 45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. Буга чейин бул айылдар санариптик берүүнү көрө албай келген. Айта кетсек, Ош облусуна 7, Нарын жана Ысык-Көл облустарына төрттөн рентранслятор орнотулса, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарына бирден ретранслятор орнотулду. Кыргызстан боюнча 326 айыл радио байланыш жетпеген зоналарда жайгашкан. Бул айылдардын жашоочуларын 2017-жылдын 30-июлуна чейин санариптик телеберүү менен камсыздоо пландалууда. Ага чейин айылдарда аналогдук берүүлөр өчүрүлбөйт.