POST1RIGHT Кыргызстандык ойлоп табуучу колунан жаралган электр энергиясы менен жүргөн велосипедди айдап алып Казакстанда өтчү ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнө катышуу үчүн Бишкектен аттанды. Ал 10 күн аралыгында коңшу өлкөнү аралап, 1 жарым миң чакырым аралыкты басып өтүп 10-июнь күнү Астанадагы иш-чаранын ачылышына катышат. Өнөр ээсине жакын санаалаштары бата берип, Бишкектен узатышты.
Кесиби врач ойлоп табуучу жоктон бар кылган. Үч дөңгөлөктүү унаа “Москвич” унаасы менен велосипеддин тетиктеринен куралган. Бирок бут менен жүрө турган тээги жок, өзгөчөлүгү дөңгөлөктөрү электр энергиясынын кубаты менен айланат. Велосипед саатына 90 чакырым ылдамдык менен жүгүрө алат.
Ойлоп табуучу шамал менен электр энергия чыгарчу жабдууларды да өздөштүргөн. Вело жүрүш ээсин алыс жолдо прицеп чиркеген унаа менен жакындары коштоп барат. Велосипед 2 саат сайын заряд алышы керек. Муратбек Султаналиев өлкөдө өзүнө окшогон талантуу адамдар арбын, каалоо менен колдоо болсо эле баары аткарылат деп билдирди.
Чоң иш-чарага бара жаткан жолоочуга байрак берилип, калпак кийгизилди. Казакстан тарап ойлоп табуучунун эмгегин интернеттен көрүп, ЭКСПО 2017 көргөзмөсүнө чакыруу келген. Атасынын эмгеги бааланып жатканына кызынын кубанычы койнуна батпай турат.