“Таза Коом” - өнүгүүнүн багыты
Новость

POST1RIGHT

“Таза Коом” программасы бир нече баскычта ишке ашат жана айрым аракеттерди ашыкча каражатты коротпостон саясий эрктин негизинде ишке ашырса болот. Ал эми “Таза Коом” долбоорундагы ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор чоң көлөмдөгү каражатты талап кылат. Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков бул үчүн ачык-айкын иш алып бара турган трасттык фонд түзүүнү сунуштады. “Таза Коом” санариптик келечекти түзүүгө арналган эл аралык конференцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык сектордун өкүлдөрү жана адистер катышып, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашкан өлкөлөрдөн келген адистер тажрыйбасы менен бөлүштү. 

“Таза Коом” программасы 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча стратегиянын маанилүү бөлүгү. Анын алкагында өлкөнү өргө тарта турган алгылыктуу жумуштар жасалганы турат. Долбоор ишке ашырылса мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсү түзүлөт. Бул ири дегенде кызмат көрсөтүү жакшырат, акыйкат жана ачык коом калыптанып, электрондук өкмөт, ишкердикке жагымдуу шарттар түзүлөт. Эң олуттуусу макамына, материалдык абалына карабай Кыргызстандын ар бир жаранынын татыктуу, ыңгайлуу жана коопсуз жашоо турмуш кечириши камсыздалат - дегендик. 

Туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган келечектин багыты болгон “Таза Коом” программасын ишке ашырууга эмне керек? Эл аралык конференция бул суроого жооп издеген кереге кеңешке айланды. Тагыраагы мамлекет менен жарандардын ортосундагы байланышты камсыздоого технология менен инновацияны өнүктүрүү зарыл болуп турат. Себеби өлкө аймактарынын баары интернетке тутушкан эмес. 

"Онлайн кызматты колдоно албайт. Өзгөчө өлкөнүн элет жеринде интернет байланышы жок. Ошондуктан инфраструктураны түзүү керек. “Таза Коом” программасынын максаты ар бир айылга интернет жеткирүү. Дүйнөлүк Банктын санариптик КАСА долбоорунда бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Натыйжалуу жана күчтүү интернет түйүндөрүн жеткирүү үчүн волокондук - оптикалык түйүндөрдү тартуу керек”,- деди КРдин президенттик аппараттынын жетекчиси Сапар Исаков. 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да Кыргызстандын трансулуттук магистралдык волокондук- оптикалык түйүнгө туташуусу үчүн жогорку технологиялуу инфраструктураны түзүү зарыл деген ойдо. Мындай болгондо Кыргызстан Борбор Азияны Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу маалыматтык хаб өлкөсүнө айлана алат.