Бүгүн Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Буга карата уюштурулган майрамдык салтанатка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты. Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы жалпы аскер кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө Кыргызстандагы аскердик башкаруу системасын реформалоо иши ийгиликтүү ишке ашканын белгиледи. Куралдуу күчтөрүндө борборлоштурулган башкарууга негизделген бекем система түзүлдү.
Майрамдык салтанат Президент Алмазбек Атамбаевдин Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы жөө аскерлерине Күжүрмөн туу жана өлкө президентинин грамотасын тапшыруусу менен башталды. Бул Куралдуу күчтөрүнүн ардак белгиси аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет.
Алмазбек Атамбаев кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы катары алгач жалпы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.
«Жолдош офицерлер жана генералдар!
Жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!
Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм! - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев
Эгемендиктен кийин 20 жыл бою Кыргызстанда армия бар деген жөн гана сөз болуп келгенин өлкө башчы баса белгиледи. Кезинде айрым саясатчылардын оозунан “Кыргызстанга армия кереги жок” деген да кептер чыккан. Андыктан 2010-жылдан кийинки окуялардан кийин аскер тармагын реформалоо негизги багыттардын бири болгонун айтат. Жана алты жылдын ичинде кыргыз армиясы таанылгыс болуп өзгөрүлгөнү белгиленди.