POST1RIGHT
25 жыл мурда 29-майда, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү түзүлгөн. Бул маанилүү окуяга байланыштуу борбор калаанын тургундары менен коноктору Ала-Тоо аянтына келип, аскер техникасынын көргөзмөсү менен тааныша алат.
Көргөзмөгө артиллериялык жана зениттик орнотуулар, бронетехника, анын ичинде БМП-2, гаубица Д-30, БТР-90 жана башкалар да коюлду. Экспозиция 19:00дө салтанаттуу түрдө расмий ачылып, 21:00гө чейин өтөт.