Өкмөт башчы С. Жээнбеков КМШ жыйынына сапар алды
Новость

POST1RIGHT

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешине жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Татарстанга барды. 

Эскерте кетсек, 26-майда боло турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Жыйында Евразия экономикалык кеңешинин жана КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы тууралуу маселе талкууланат.