Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат
Новость

POST1RIGHT

29-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-майда жана 28-29-майда жаан-чачын көпчүлүк аймактарда жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

28-майга чейин абанын температурасынын  жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо  сел жүрүшү мүмкүн,- деп эскертет тиешелүү адистер.