Бүгүн мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү
Новость

POST1RIGHT

Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, быйыл жалпы өлкө боюнча 9-классты 92 миң окуучу, 11-классты 62 миң окуучу бүтүрөт. 

Жылдагыдан айрымаланып, быйыл бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык иш-чарасы мамлекеттик символдор менен кооздолуп, мамлекеттик гимн менен коштолду. Мындай буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон. 

Андан тышкары, министрдин буйругу менен акыркы коңгуроого арналган салтанат - кечелерди кафе - ресторандарда жана башка эс алуучу жайларда майрамдоого тыюу салынган.