POST1RIGHT
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын 42-жыйыны болду. Анда терроризм жана эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты жакшыртуу маселеси каралды. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин аймагындагы мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу, эл аралык террористтик уюмдарга өткөн жолдорду аныктап, азгырылган жарандарды кайтаруу маселеси козголду. Коопсуздук кызматтары быйыл жай айында өтчү FIFA 2017-конфедерация кубогун өткөрүүдө спорттук жана башка эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда коомдун коопсуздугун камсыздоо жаатында тажрыйба алмашмай болушту.
"Өткөн жылдар мындай жыйындар керек экенин далилдеди. Жолугушууларда коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелер көтөрүлүп, керектүү чечимдер бекитилди. Биз дүйнөдө жаралган коркунучтар менен биргелешип күрөшүү жолдорун карап, абалды баалап кызматташуу жолдорун караганы чогулуп отурабыз. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө терроризм курч маселеге айланды. Экономикалык, аскердик жана географиялык абалына карабай баардык мамлекетке коркунуч жаратууда. Биздин атайын кызмат дагы терроризмдин алдын алуу багытында иштерди жүргүзүп келет. Биздин аракет биргелешип күрөшкөндө гана жакшы натыйжасын берет",- деди УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев.