Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү кооптуу аймактар белгиленди
Новость

POST1RIGHT

Жол коопсуздугун сактоодо жол белгилери, жол сызыктары менен жол чырактардын мааниси орчундуу. Жарандык активисттерден турган демилгелүү топ тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте автобус менен шаардагы кооптуу аймактады кыдырды. Кооптуу деп саналган тилкенин бири Чүй менен Манас проспектиси. 

Көчөлөрдүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөк курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабык тургандыктан калаа тургундарына жолдон өтүү кыйынчылыкты жаратып жатканы айтылды. Биринчиден жөө адамдар каттай турган ылайыктуу жер жана бир да жол белгиси жок. Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ичинде мындай кооптуу тилкелердин бир нечеси белгиленди. Өзгөчө жолду кесип өтүүдө коопсуз аймактарды түзүүгө маани берилсе деген ойлор айтылды. Себеби, айрым кесилиштерден жөө каттагандар өткүчө жол чырак күйүп калып, жолдун ортосунда калгандар көп.