POST1RIGHT
Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын башчыларын кабыл алды. Эскерте кетсек, алар Кыргызстанга КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 42- отурумуна катышуу үчүн келген.
Жолугушууда мамлекет башчысы атайын кызматтардын башчыларына коопсуздукту камсыз кылуудагы жасалган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди. Муну менен катар президент тышкы коркунучтарды алдын алууда биргелешип аракеттенгенде гана аймакта коопсуздук жана туруктуулук камсыз кылынаарын белгиледи.