Акыркы сегиз жылдан бери Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында таза суу тартыштыгынын көйгөйү чечилбей келет. Убагында таза суу программасына ылайык ичүүчү суу тартылганы менен курулуш иштерин жүргүзгөн компаниянын техникалык эрежелерди сактабай, туура эмес жүргүзгөн ишинин натыйжасында айылдагы түтүктөрдүн баардыгына суу жетпей, таза суу тартыштыгы дагы деле күчүндө.
Айыл тургуну Гүлмира Сыдыкованын кир жуучу машинеси болгону менен суусу жоктугуна байланыштуу бул техникасынын пайдасын көрө албайт. Бир күн бою эптеп чогулткан суусу менен неберелеринин кирин колго жууп жатат.
"Кир жууганыбыз кыйын, бала чакалуу болсок суу жетишпейт. Кээде эртең толтуруп алам деп сууну түгөтүп койсок, эртеси чыкпай калат. Анан алыстан ташып келгенге туура келет",- дейт Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Гүлмира Сыдыкова.
Төрт миңден ашык калк жашаган бул айылга таза суу жакында эле тартылган, бирок адистердин суу түтүктөрүн тартуудагы эрежелерди туура сактабагандыгынан таза суу баарына тегиз жетпей калат.
Суу тартыштыгын чечип бергиле деп айыл элинин кайрылбаган жери калган эмес. Бул бир көйгөй болсо, экинчиси 10 миллион сом сарпталып курулган таза сууну санитардык эпидемиологиялык борбор ичүүгө жараксыз деген бүтүм чыгарган. Анда айтылгандай, бул суу сугатка гана жарайт экен. Мындан улам, мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы бул обьектини кабыл албай койгон.